10.08.2018 13:40

Коопсуздук кызматы өлкө аймагына бажы төлөмдөрүсүз киргизилген унааларды кармады

Коопсуздук кызматы өлкө аймагына бажы төлөмдөрүсүз киргизилген унааларды кармады

Өлкө аймагына бажы төлөмдөрүн төлөбөй киргизилген автоунаалар кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

2018-жылдын августунан бери жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-берене (кызматтык жасалмалуулук), 350-берене (мамлекеттик документтерди жасалмалоо) жана 204-берене (аткезчилик) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында өлкөгө мыйзамсыз киргизилген «Lexus», «Volvo», жана «Toyota-Camry» үлгүсүндөгү автоунаалар аныкталып, кармалды. 

Бул унаалар бажы төлөмдөрүсүз киргизилип, кийин мыйзамды бузуу менен Мамлекеттик каттоо кызматында катталган.  Мунун кесепетинен мамлекетке 3 млн. 500 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.  Кылмыш ишти иликтөөнүн жүрүшүндө казынага 1 млн. 388 миң сом кайтарылды.